АКШ Иранга каршы соккуларды урууну караштырып жатканы айтылууда
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик соккуларды, анын ичинде өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнө жана жетекчилигине сокку уруу жолдорун карап жатат. Бул тууралуу Reuters басылмасы бир нече булактарына таянып жазып чыкты.
Талкуулардан кабары бар эки америкалык булактын айтымында, Трамп Иран бийлиги миңдеген адамдардын өмүрүн алган жалпы улуттук нааразычылык акцияларын мыкаачылык менен баскандан кийин Тегерандагы режимди өзгөртүүнүн көздөп жатат.
Талкууланып жаткан варианттардын арасында Вашингтон зомбулук үчүн жооптуу деп эсептеген командирлерге жана мекемелерге сокку уруу, ошондой эле баллистикалык ракета жайларына же ядролук программанын объекттерине кеңири масштабдуу чабуул бар. АКШнын учак ташуучу кемесинин жана анын коштоо кемелеринин ушул аптада Жакынкы Чыгышка келиши Трамптын потенциалдуу аскердик аракеттерге карата мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Президент азырынча акыркы чечим кабыл ала элек.
Бирок Израилдин жана Араб өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү мындай мамиленин натыйжалуулугунан күмөн санашат. Израилдин жогорку даражалуу кызматкери басылмага Израил режимди аба соккулары менен гана кулата аларына ишенбей турганын айткан.
Reuters маалыматы боюнча, Перс булуңундагы мамлекеттер Ирандын өч алуусунун биринчи бутасы болуп калабыз деп кооптонуп жатышат. Сауд Арабиясы, Катар, Оман жана Египет Вашингтонду Иранга сокку уруудан баш тартууга көндүрүп жатышат.
Буга чейин Middle East Eye сайты АКШ Ирандагы нааразычылык акциялары учурунда демонстранттардын өлүмүнө Вашингтон жооптуу деп эсептеген ирандык жогорку кызмат адамдарына жана командирлерге каршы максаттуу соккуларды жасоону пландап жатканын жазган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















