super.kg logo

Кыргыз балы Евробиримдикке экспорттолот

 
Еврокомиссия кыргыз балын экспорттоо планын колдоп, Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген Еврокомиссиянын техникалык регламентинин атайын тизмесине кошту.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул жагдай Кыргызстандын улуттук көзөмөлдөө жана сертификациялоо системи Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келгенин ырастайт. Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балын өндүрүүчүлөрүнө сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата мекендик продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Буга чейин кыргыз балын Европанын рыногуна киргизүү боюнча бир топ жылдардан бери аракеттер көрүлүп, Евробиримдиктин сертификациялоонун катаал талаптарынын айынан кыргыз балын экспорттоого мүмкүн болбой келген. Министрлик мындан ары дагы Европанын рыногуна балдан тышкары да башка ата мекендик продукцияларды экспорттоо боюнча иш аракеттерин улантууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: