Айрым мамлекеттик сатып алуулар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Президент мыйзамга кол койду
Кечээ, 29-январда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган документке кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.Мыйзамга ылайык, айрым иш-чараларды уюштурууда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам колдонулбайт.
Тактап айтканда, президент, Жогорку Кеңештин төрагасы же министрлер кабинетинин төрагасы катышкан эл аралык деңгээлдеги мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин жетекчилеринин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын иш сапарларын уюштуруу үчүн керектелген кызматтар өзүнчө тартипте алынат. Мындай учурда мамлекет менен аткаруучунун ортосунда түздөн-түз келишим түзүлөт.
Ошондой эле мыйзамда "мамлекеттик тапшырма" деген жаңы түшүнүк киргизилди. Бул мамлекет социалдык жана экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү болгон иштерди аткаруу максатында, мамлекет катышкан ишканаларга бюджеттин эсебинен атайын тапшырма берилет дегенди билдирет.
Мамлекеттик тапшырманын алкагында жасалган сатып алуулар да мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга баш ийбейт. Бул иштер мамлекеттик орган менен тапшырманы аткарган уюмдун ортосунда келишим түзүү аркылуу жүргүзүлөт жана анда аткарылышы керек болгон жыйынтыктар так көрсөтүлөт.
Жалпысынан бул мыйзам мамлекетке экономиканы жана социалдык тармактарды ыкчам өнүктүрүү үчүн зарыл болгон сатып алууларды тез жана жөнөкөй жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















