Мелания Трамп тууралуу тартылган тасманын жарнамалары үзгүлтүккө учурады
Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп тууралуу тасманын жарнамалары үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу шаардын транспорт департаменти тастыктаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, вандалдар шаардагы аялдама, автобус жана көчөлөрдөгү тасманын жарнамалары илинген плакаттарды талкалап салышкан. Ал эми транспорт департаменти жарнама илинген айрым автобустардын каттамын өзгөртүүгө мажбур болгон.
"Жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо жана мүлктү коргоо максатында автобустардын айрымдарын вандализм байкалбаган аймактарга жылдыруу чечимин кабыл алдык",- деп билдирген башкармалык.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын биринчи айымы тууралуу даректүү тасма тартылып, анын биринчи трейлери чыккан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















