Кызыл-Кыяда бычак менен коркутуп, акча талап кылгандар кармалышты (видео)
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында бычак менен коркутуп, акча талап кылган шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-январда шаар аймагында Ө. аттуу жаран жана анын үч шериктеши Айрыбаз айылынын 20 жаштагы тургунун Дэу-Ланос үлгүсүндөгү автоунаага күч менен олтургузуп, шаардын эски автоунаа базары тарапка алып барып, бычак менен коркутуп 50 миң сом талап кылышкан. Ошондой эле, жабырлануучунун iPhone 8 телефонун алып, үчүнчү жак аркылуу 5 миң сом котортуп алышкан. Мындан тышкары, WhatsApp аркылуу коркутуп, уюлдук байланыш номерине дагы 5 миң сом салдырышкан жана калган акча каражаттарын опузалоо аракеттери менен талап кылып жатышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
27-январда Калтак айылында коркутуп 20 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда, Кызыл-Кыя шаарынын 6 жараны, тактап айтканда 20 жаштагы М.Ө.,22 жаштагы Г.Н., М.С.,С.Ж. жана 24 жаштагы А.Б. аттуу шектүүлөр кармалды. Алардын үчөө М.Ө., Г.Н. жана М.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Кызыл-Кыяда бычак менен коркутуп, акча талап кылгандар кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















