super.kg logo

Журналисттер союзунун төрагасы депутат Эрулан Кокуловдун сынына жооп узатты

 

“Журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун парламенттин трибунасында журналисттерге жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу жасаган билдирүүсүнө жооп узатты.

Балташев депутаттын билдирүүсүн журналисттер жамаатына болгон кысым катары баалады.

"Жогорку Кеңештин трибунасынан айтылган ар бир сөз - бул жеке пикириңиз гана эмес, мамлекеттик бийлик өкүлүнүн коом алдындагы жоопкерчиликтүү позициясы экенин эске салгым келет. Сиздин Кыргыз журналистикасына жана журналисттер жамаатына карата айткан жалпылама, далилсиз жана одоно айыптоолоруңуз кесиптик коомчулукта олуттуу нааразычылык жаратты. “Журналисттер саясатчылардан акча алат”, “журналистиканын мыйзамын силерден жакшы билем” деген сыяктуу билдирүүлөр жеке эмоциянын же таарынычтын негизинде айтылган болсо да, бул жалпы журналисттер жамаатына жалаа жабуу катары кабыл алынат. Эгерде сизде кайсы бир журналистке же медиа долбоорго карата мыйзам чегинде далилдүү дооматтарыңыз болсо сот, укук коргоо органдары жана мыйзам талаасы ачык. Ал эми трибунадан туруп кесиптик жамаатты каралооңуз диалог эмес, кысым катары кабыл алынат. Кыргызстандын журналисттер жамааты кадыр-баркын, кесиптик абийирин жана эркиндигин коргойт. Эч бир чиновниктин же эл өкүлүнүн жалпы журналистикага жалаа жабууга моралдык да, мыйзамдык да акысы жок",- деп белгилеген билдирүүдө.
Ошондой эле ал депутатты журналистиканын кадыр-баркы менен эл өкүлү даражасына жеткенин эске салып, кесиптештерине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырды.
Белгилей кетсек, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов журналисттердин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип, айрым басылмаларды атап, акча алат деп айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: