Жол кырсыгын жараткан үлпөт тойдогу кортеждин чоо-жайы белгилүү болду
Үлпөт тойдогу кортеж унааларга авариялык абал жаратып, унаалардын бири карама-каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзүп алган окуя Лейлек районунда орун алганы белгилүү болду. Буга чейин бул жол кырсыгынын видеосу интернет желесине тараган.
Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, окуя 17-январда болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилди.
Бул факт Лейлек РИИБиге катталып, учурда тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















