super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Масалиев: "Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду"

 

Би-Би-Си кыргыз кызматы "Жапаровдун бийликтеги беш жылы: Саясий тандем сыноодон өттүбү?" деген аталышта макала жарыялады.

Макалада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Жапаров менен Ташиевдин мамилесин фундаменталдуу жана туруктуу деп баалаганы айтылат.

"Буларды мурунку эки киши (Атамбаев - Жээнбеков) менен салыштырып болбойт. Алар тойдо, төрдө бириккен. Булар камакта, кыйынчылыкта биригип, көп чоң окуяларды чогуу башынан өткөрүштү. Менимче, булар ажырабайт, дос болуп кала берет. Балким, бирөө четке чыгып, экинчиси калышы мүмкүн. Бирок булар бири-бирине каршы сүйлөй албайт. Туруктуу, түбөлүктүү саясат эч качан болгон эмес.

Саясатта эртеби-кечпи пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок фундаменталдуу түрдө дос болуп кала беришет. Кабарым боюнча, азыр деле экөөнүн ортосунда анча-мынча каршы пикир, талаш бар. Бир тууган болбогон соң талаш болот да. Буга чейин деле болгон. Мурун мен депутат кезде экөө менен тең чогуу иштеп калгам, билем. Бирок учурда ар ким өз ордун тапты, бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасап жатат. Булар касташып, мушташканга чейин бара албайт",- деген Масалиев.

Ошондой эле эл өкүлүнө "президенттик шайлоонун жакындап келатканы коомдо чоң кызыгуу жаратты. Көптөр кийинки президент ким болорун алдын ала жоромолдоп, "Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев саясий аренада кантип позицияларын сактап калат?" деген суроону узаткандар дагы жок эмес" деген суроо берилген.

"Менин баамымда, келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду. Максаттуу ошого бараткан болушу мүмкүн. Саясатта мындай нерсе болот. Ташиев канча жолу "мага президенттиктин кереги жок" деп айтты. Бирок адам канчалык мага керек эмес деген нерсе ошончолук керек болуп чыгат",- деп жооп берген Масалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: