Бишкекте күчтүү таасир этүүчү дары боюнча кылмыш ишинин күбөсү коркутууларга кабылды (видео)
Бишкекте күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер боюнча тергелип жаткан кылмыштын күбөсү шектүүнүн жолдошу тарабынан коркутууга кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга күбө арыз менен кайрылды.
Айта кетсек, А.И. аттуу жаран өз ыктыяры менен күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди милицияга өткөрүп берип, факт боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү тергөөдө дарыларды 1995-жылы туулган А.М. аттуу аялдан сатып алганын билдирип, 29-декабрда аял кармалган.
Кийинчерээк шектүүнүн жолдошу күбөнү тапанча менен коркутуп, мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү талап кылганы аныкталды. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 355-беренеси (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иштери козголду.
Натыйжада 1997-жылы туулган жаран Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Бишкекте күчтүү таасир этүүчү дары боюнча кылмыш ишинин күбөсү тапанча менен коркутууларга кабылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















