Өлкөнүн бажы кирешелери 5 жылда 6 эсеге өстү
Кыргызстанда бажы кирешелери 5 жылда 6 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы Мамлекеттик бажы кызматы 28 миллиард сом чогултса, 2025-жылы 157,4 миллиард сом жыйналып, киреше дээрлик 6 эсеге өскөнүн белгиледи. Мындай жетишкендикке “Смарт бажы” улуттук санариптик платформасынын иштей башташы өбөлгө болуп жатканын кошумчалады.
“2021-жылы иштетилген декларациялардын саны 113 миңди түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 873 миңден ашты. Штаттык санды көбөйтпөстөн жетишилген мындай өсүш автоматташтыруунун, жол-жоболорду санариптештирүүнүн жана адам факторун четтетүүнүн натыйжасы болуп саналат. Ошол эле учурда укук коргоо блогунда аналитикалык ыкмаларга жана тобокелдиктерге негизделген башкарууну киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын так аныктоого мүмкүндүк берди”,- деди өкмөт башчы.
Жыйындын соңунда Касымалиев мамлекеттик бажы кызматына 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 миллиард сом өлчөмүндөгү болжолдук көрсөткүчтөрдүн сөзсүз аткарылышын камсыз кылууну жана 2026-2030-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында камтылган милдеттердин так аткарылуусун тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















