super.kg logo

Бишкекте 20 жаштагы жигит унаа уурдоого шектелип кармалды

 

Бишкекте 20 жаштагы жигит унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 17-январда болжол менен саат 23:30 чамасында Зеленая көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында токтоп турган Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унааны айдап кетип калган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Унаа уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган. Ал колго түшкөндө унааны уурдагандан кийин калтырып кеткен жерин көрсөтүп берген. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: