Ар бир балага 12 жашка чейин жөлөкпул төлөө сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Мыйзамда өлкөдөгү ар бир балага 12 жашка чыкканча жөлөкпул төлөө сунушталууда. Эгер үй-бүлө муктаж деп эсептелсе, анда үй-бүлөнүн балдарына жөлөкпул 16 жашка чейин берилет. Документте "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоонун тартиптери көрсөтүлгөн.
Атасак, жөлөкпул үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин деңгээлине, ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын) социалдык жана мүлктүк абалына, баланын жашаган жерине, баланын төрөлүү кезегине жана башка мамлекеттик жөлөкпулдарды алуусуна карабастан чегерилет. Документте "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу бала төрөлгөн айдан баштап дайындалары жазылган. Бирок мыйзамда суммасы так жазылган эмес.
Мындан тышкары, аталган мыйзамда "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу жобосуна толуктоо киргизүү керектиги белгиленген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















