Бир жумада өлкөдө орун алган кадрдык өзгөрүүлөр
Акыркы апта ичинде (26-январдан 30-январга чейин) өлкөдө бир катар кадр алмашуулар орун алды. Алар тууралуу айтып беребиз.
Апта башында Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары болуп Дастан Ураанов дайындалды. Ураанов – архитектор жана шаар куруучу, 2015-жылдан бери бул тармакта иштеп келет. Буга чейин департаменттин №8 өнөрканасын жетектеген.
27-январда тышкы иштер министринин орун басары болуп Кайрат Турсункулов дайындалганы белгилүү болду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга удаа Кыргызстандын Эфиопиядагы элчиси Адылбек Тултемиров ишти айкалыштыруу боюнча өлкөнүн Африка бирлигиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Президент кол койгон тескемеге ылайык, 28-январда Таалатбек Масадыков ЖККУнун баш катчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мирлан Тургунбеков барды. Айта кетсек, Масадыков өткөн жылы Бишкекте өткөн саммитте үч жылдык мөөнөткө ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалган.
29-январда Болот Жунусов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору болду. Белгилей кетсек, бул убакытка чейин аталган ишкананы Талант Султанов жетектеп келген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















