super.kg logo

Кеминде малчылардын чыры өлүм менен аяктады

 

Кемин районунда адам өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда Борду айылында жайгашкан эки бөлмөлүү үйдүн ичинен 48 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү керебеттин үстүндө бычакталган абалда болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө шектүү менен маркум чогуу малчы болуп иштеп жүрүшкөнү аныкталган. 28-январь күнү саат 22:00 чамасында алар спирт ичимдиктерин ичип отурушуп чырдаша кетишкен. Натыйжада, 57 жаштагы жаран шеригин бычактап, куралды ажатканага ыргытып салган. Бычак далил буюм катары табылды.

Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: