super.kg logo
  Саясат  

Жапаров УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имаратын ачты (сүрөт)

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Администрациянын маалыматына ылайык, 1951-жылы Улуттук коопсуздук органдарынын Аскердик-медициналык кызматы өзүнчө түптөлгөн. Анда дарылоо мекемелеринин өздүк курамын дайындоо менен штаттык бирдиктер расмий түрдө аныкталган.
Ошондон бери Аскердик-медициналык кызмат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башка бөлүкчөлөрүндөй эле кесиптик милдет жана жоопкерчиликти ар дайым артыкчылыктуу баалуулук катары алдыга коюп, өз ишине берилүү менен иштеп келе жатат”,- деген президент медициналык комплекстин курулушу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашырылганын баса белгиледи.
Жалпы аянты болжол менен 15 миң чарчы метр болгон жаңы имарат операциялык блокту, жандандыруу жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкананы камтыйт. Ошондой эле адистештирилген жана стационардык медициналык жардам көрсөтүлө турган аскердик оорукана бар. Анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары жана жалпы хирургия бөлүмдөрү да ачылган.
Мындан тышкары, медициналык комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, санариптик медициналык технологиялар жана жогорку технологиялык хирургия киргизилген.
Садыр Жапаров мындай аракеттин баары медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, дарылануунун мөөнөтүн азайтууга жана бейтаптарды ыкчам-ыкчам реабилитациялоого багытталганын айтты.
Аскердик-медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлей турганын кошумчаланды.
“Мамлекетибиз күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө мындан ары да өзгөчө көңүл бурууну улантат”,- деп белгиледи президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: