Чүйдө 60 жыл бою оңдоодон өтпөгөн мектепте 1500дөн ашык окуучу билим алууда (видео)
Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан Каратал Табалдинов атындагы мектеп 1967-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка ылайык, мектептеги электр зымдары эскирип, айрым бөлмөлөрдө зымдар ачык калган. Бул окуучулар үчүн коркунуч жаратууда. Мындан тышкары, сынган терезелер, жараксыз парталар, дубалдардагы жаракалар жана түтүктөрдүн бузулушу сыяктуу көйгөйлөр бар. Мектеп 960 окуучуга эсептелгени менен учурда 1700гө жакын бала билим алууда. Окуучулардын көптүгү мугалимдерге да, балдарга да кыйнчылык жаратууда.
Жергиликтүү тургундар мектепке көңүл бурууну, капиталдык оңдоо иштерин суранышууда.
Видео: Маратов Арсен
1967-жылдан бери оңдолбогон мектеп капиталдык ремонтко муктаж
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















