Депутат Бишкекте трамвай линиясын курууга шашылбоо керектигин айтты
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында депутаттар Бишкектин башкы планы боюнча маалымат угушту.
Анда эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев башкы планга трамвайдын кирип жатканына кызыкты. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров трамвай линиясы монорельс өңдүү транспорт түрлөрүнө караганда арзан куруларын айтты. Ал трамвайдын жаңы түрлөрү ишке кирерин кошумчалады.
Бирок Кыдыралиев бул маселеде шашылбоо керектигин белгилеп, трамвай эски типтеги транспорт түрү экенин айтты.
"2050-жылга жооп бере турган транспорт түрүн алып келгиле. Азыр тыйын үнөмдөйбүз деп жатып, чоң өнүгүүнүн артында калып калышыбыз мүмкүн. 10-15 жылда эле техникалык чоң жаңылануу болот. Дөңгөлөктүү транспорттор замандан калып бара жатат. Абада, асма жолдор менен жүргөн транспорт түрлөрүн караштыргыла",- деди ал.
Бишкекте тармвай каттаммын киргизүү маанилүүбү?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















