super.kg logo

Рэпер A$AP Rocky өзүнүн зер буюмдар брендин элге тааныштырды

 

Рэпер A$AP Rocky ашыкча жарнамасыз эле өзүнүн жаңы зер буюмдар бренди - PAVĒ NITEŌ'ну тааныштырды. Музыкант бул бренддин алгачкы буюмдарын Парижде өткөн Chanel мода үйүнүн кутюр көрсөтмөсүндө тагынып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, A$AP Rocky көрсөтмөгө Chanel брендиндеги образ менен келип, манжаларына баш сөөк формасында жасалган массивдүү шакектерди тагынган. Кийинчерээк ал бул зер буюмдар PAVĒ NITEŌ брендинин алгачкы коллекциясына кирерин тастыктады. Шакектер Венециянын зергер усталары менен биргеликте иштелип чыккан.

Музыкант бул долбоордо 1866-жылы негизделген, memento mori стилиндеги (баш сөөк, скелет образдары) зер буюмдары менен белгилүү болгон A. Codognato зергер үйү менен кызматташкан. Бул стиль Италиядагы Ренессанс доорунун искусствосуна жана диний символикага таянып жасалган.

A$AP Rocky'нин айтымында, зер буюмдардын дизайнына режиссёр Тим Бёртондун чыгармалары да таасир эткен. Ал мурда артисттин Don’t Be Dumb аттуу жаңы альбомунун визуалдык концепциясын түзүүгө катышкан. Натыйжада зер буюмдар театралдык стилде жасалган.

Белгилей кетсек, PAVĒ NITEŌ бренди 2024-жылы каттоодон өткөн, бирок ушул убакка чейин ал тууралуу расмий маалымат дээрлик болгон эмес. Учурда бренддин Instagram баракчасы ачылганы менен, анда азырынча жарыялар жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: