super.kg logo
  Саясат  

"Бир кап ун канча сом?". Депутат жөлөкпул тууралуу маселе көтөрдү (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жөлөкпулдун суммасы аз экенин айтып, мурда бекитилген жобону кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди. Эл өкүлү мындай пикирин 30-январдагы "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында айтты.

Примов эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевге кайрылып, "Бир кап ун канча сом?" деген собол узатты. Министр ундун баасы 1500 сом экенин белгиледи.

Депутат министрдин жообуна канааттанбай бүгүнкү күндө бир мүшөк ундун баасы 1700-2500 сомго чейин экенин айтып, жашоо минимуму 8700 сомдун тегерегинде болгонун билдирди.

"Азыр үй-бүлөнүн кирешеси 6 миң сом болсо, жөлөкпул берилбейт. Үч баласы бар болсо. Ошол 6 миң сом менен айыл жеринде кантип бир айлык турмушун өткөрөт? Эгер жашоо минимуму 8700 сом болсо, бир кап ун бүгүнкү күнү 1700 сомдон 2500 сомго чейин болуп жатса",- деди депутат.

Примов өлкө экономикасындагы өнүгүүлөр, өсүүлөр тууралуу сөз кылып, жөлөкпулдар 2020-2022-жылдардагы жобонун негизинде берилип жатканын белгиледи. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевге кайрылып, жөлөкпулдар боюнча бекитилген жобону кайрап карап чыгууну сунуштады.






Депутат жөлөк пул маселесин көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: