Ошто балдар оюнчугун уурдады деп жубайлар кармалышты (видео)
Ош шаарында балдар буюмдарын уурдоого шектүү жубайлар кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда балдардын кийимдерин жана оюнчуктарын саткан дүкөндө болгон уурулук тууралуу видео жарыяланган. Анда жаш баланы көтөргөн эркек менен аялдын балдардын буюмдарын жашырып алып жатканын көрүүгө болот.
Бул видеоматериал боюнча Манас шаарынан 1988-жылы туулган Т.Ч. аттуу аял кармалды. Ал 1982-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөөсү менен Манас шаарынан Ош шаарына келип, ушул кадамга барышкан. Жубайлар Манас шаарында жашашат, колундагы баласы бешинчиси. Мурда экөө тең бир нече жолу алдамчылык жана уурулукка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ошто балдар оюнчугун уурдаган жубайлар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















