Брюс Уиллистин жубайы актёрдун саламаттыгы тууралуу акыркы маалымат менен бөлүштү
Америкалык белгилүү актёр Брюс Уиллис өзүнө афазия диагнозу коюлгандыгын (бул нейрологиялык бузулуу, анда сүйлөө жөндөмү бузулат) билбейт. Бул тууралуу анын жубайы Эмма Хеминг Уиллисге шилтеме берүү менен америкалык басылмалар жазышты.
Анын айтымында, буга анозогнозия деп аталган неврологиялык абал себеп болгон. Бул абалда адам өзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү аңдай албайт жана оорунун бар экенин түшүнбөйт. Эмманын айтуусунда, Брюс эч качан жардам сурап кайрылган эмес.
"Муну көп учурда тануу деп ойлошот, бирок чындыгында бул оорунун бир бөлүгү. Брюс белгилерди бири-бири менен байланыштырган эмес. Чынын айтсам, анын өз диагнозун билбегени мен үчүн жеңилирээк", - деди ал.
Эмма Хеминг Уиллистин сөзүнө караганда, актёр азыркы тапта өзүн жакшы сезет жана жакындарын тааныйт. Ал жубайын жана балдарын билет, анткени анын оорусу Альцгеймер эмес, деменциянын башка түрү.
Ошондой эле ал азыр мурдагыдай Брюс эмес, башкача, бирок алардын ортосундагы байланыш дагы эле жылуу жана маанилүү экенин белгиледи. Үй-бүлө жаңы шарттарга ыңгайлашып жашоону үйрөнүп жатат.
Брюс Уиллиске аталган диагнозу 2020-жылы коюлган. Оорунун айынан актёрдун эс тутуму жана кыймыл-аракет системасы жабыркап, анын абалы бара-бара начарлап келүүдө. Учурда ал жакын адамдарын унутуп, ойду так жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда.
Буга чейин Эмма Уиллис оорунун алгачкы белгилери күйөөсү адамдар арасында мурдагыдай ачык-айрым болбой, тынч жана жабык боло баштаганда байкалганын айткан. Бул үй-бүлөнү олуттуу тынчсыздандырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















