Мамлекеттик мекеме бир жылда 11 миңден ашык жол белги чыгарды
"Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалган.
"Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















