super.kg logo

Криптомиллиардер бизнес боюнча лекцияны жыртык байпак менен окуду

 

Социалдык тармактарда Ethereum криптовалютасынын жаратуучусу, миллиардер Виталий Бутериндин Таиланддагы бизнес-лекциясынан тартылган сүрөтү кызуу талкууга түштү. Бирок колдонуучулардын көңүлүн анын баяндамасы эмес, жыртык байпагы бурду.

Бутерин Таиландда өткөн ETH Chiangmai конференциясында катышуучулар менен жолугуп, жаңы китебин тааныштырган. Иш-чара учурунда тартылган сүрөттөрдө анын кара байпагынын биринде көзгө урунарлык жыртык бар экени байкалган.

Айрым маалыматтарга караганда, Ethereum’дун негиздөөчүсүнүн байлыгы 717 миллион доллардан ашат. Бирок социалдык тармак колдонуучуларынын айтымында, жаңы байпак сатып алуу анын шашылыш муктаждыктарынын тизмесине кирбей калган окшойт.

Сүрөт Threads платформасында бат эле тарап, комментарийлерде тамашалар жаады:
- "Бул криптовалютада азырынча иш жок деген белги"
- "Виталикке жубай керек, байпакты да, 717 миллионду да иретке салмак"
- "Ар бир эркек бир аз Виталик"
- "Бул жыртык эмес, децентралдашкан вентиляция" - деп жазышты колдонуучулар.

Виталий Бутерин бул окуяга комментарий берген жок. Бирок ал көптөн бери эле сырткы көрүнүшкө эмес, идеяларга жана технологияларга маани берген адам катары белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: