super.kg logo

Депутат жөлөкпул алууга керектелген документтер татаал экенин айтты (видео)

 

Бүгүн, 30-январдагы "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Орусияга кеткен мигранттардын балдары жөлөкпулсуз калып жатканын билдирди.

Эл өкүлү жөлөкпул алуу үчүн керектелген документтердин татаалдыгына токтолуп, санариптештирүүгө өткөрүүнү сунуш кылды.

"Жөлөкпул алуу үчүн талап кылынган документтер өтө эле татаал. Күйөөсү Орусияга кетсе балдарына жөлөкпул берилбей калыптыр. Эми сиз мигрант болбосоңуз керек. Жыргаганынан Орусияга кетпейт. Ал жерде жакшы турмуш жок, ал барып жумуш табабы, таппайбы белгисиз.

Үйүңдө муздаткыч бар экен, кир жуучу машина бар экен деп текшеришет экен. Үйүндө жүрбөй калган унаа бар болсо, берилбейт. Муну кандай кылып тактайсыздар? Адам катышкан жерде тааныш-билиш боло берет. Муну элге түшүнүктүү кылып, реформага барыш керек. Сиздер санариптештирүүгө өтүшүңүздөр керек. Документти чогултуу кыйын болгондуктан, барбай дагы коюшат экен", - деди депутат.






30.01.2026

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: