Сахара аркылуу өтүүчү жүк поезди туристтерди кызыктырууда
Социалдык тармактарда Мавританиядагы Сахара чөлүн кесип өткөн эң экстремалдуу поезд каттамы туристтер арасында популярдуулукка ээ болууда. Бул поезд темир кенин ташыйт жана дүйнөдөгү эң оор маршруттардын бири катары саналат.
Саякатчылар поезддин ачык вагондоруна – бош же темир рудасына толтурулган бөлүгүнө отурушат. Жол болжол менен 20 саатка созулуп, тажрыйбалуу туристтер үчүн да чоң сыноо болуп эсептелет.
Тревел-блогер Андрей бул маршрутту кайталоону каалагандар үчүн пайдалуу кеңештерди бөлүшкөн. Анын айтымында, поездге Нуадибу, Зуэрат же Шум станцияларынан отурууга болот. Айрыкча Зуэраттан чыккан, толук жүктөлгөн поезд туристтер арасында эң популярдуу.
Поездди качан "кармоого" болот жана эмнелер керек?
Бул поезддин так графиги жок. Тревел-блогердин айтымында, кээде аны бир нече саат, атүгүл бир сутка күтүүгө туура келет. Ошондуктан станцияга эрте келип, узак күтүүгө даяр болуу керек.
Нуадибу шаарында темир жолдун жанында чакан кемпинг бар. Ал жерде түнөп калууга болот, кожоюндары поезддин болжолдуу убактысын билишет. Кемпингден станцияга жөө бир нече мүнөттө жетүүгө мүмкүн.
Саякатка олуттуу даярдык зарыл. Блогер арзан куртка жана шым алууну сунуштайт, анткени кийим-кече чаң жана темир рудасынан бузулат. Ошондой эле жоолук же тюрбан, тыныгуу үчүн тыгыз маска жана коргоочу көз айнек (мыктысы – лыжа көз айнеги) керек.
Түнкүсүн чөлдө аба ырайы кескин сууктайт, ошондуктан уктоочу кап (спальник) жана туристтик килемче алуу сунушталат. Болбосо темир полдо же руда үстүндө уктоого туура келет.
Айрыкча өпкөнү коргоого көңүл буруу маанилүү – жакшы маскасыз жолдо дем алуу абдан кыйын болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















