Аламүдүн районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди (сүрөт)
Бүгүн, 30-январда Чүйдөгү Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында 275 орундуу Турсуматов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты.
Орунтаев өз сөзүндө өлкө боюнча курулуп жаткан мектептердин саны жана сапаты жылдан жылга жогорулап жатканын белгилеп, бул жаңы мектеп келечек муун үчүн түзүлүп жаткан маанилүү билим берүү объекттеринин бири экенин айтты.
Аталган мектептин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкталган. Ошондой эле окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















