super.kg logo

Таласта заманбап оюн-зоок борбору курулууда

 
Талас шаарында “Баластан” аттуу заманбап оюн-зоок борбору курулууда.
Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, аталган борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү, 70 дарегинде жайгашып, курулуштун жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт. “Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында иновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган борборлор каралган.
Долбоордун өзгөчө багыттарынын бири – жасалма интеллект менен жабдылган 5-6 роботту орнотуу. Учурда бул багытта Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Роботтор келечекте гид катары кыргыз тилинде кызмат көрсөтмөкчү. Азыркы учурда кыш мезгилине карабастан, курулуш иштерине 115 адам тартылган.
Белгилей кетсек, 2026-жылы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда республикалык деңгээлде белгиленет. Буга байланыштуу Талас облусунда жүрүп жаткан бардык ири курулуш объектилерин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүтүрүү пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: