super.kg logo

Иран АКШ менен сүйлөшүүгө Трамп коркутууларды токтотсо гана даяр

 

Иран АКШ менен сүйлөшүү үстөлүнө отурууга америкалык лидер Дональд Трамп Иран Ислам республикасына карата жаңы аскерий чабуулдар менен коркутууларды токтоткон шартта гана макул болот. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Bloomberg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр адилеттүү жана тең укуктуу негизде жүргүзүлсө, Тегеран диалогго даяр. Ошол эле учурда Иран өзүнүн ракеталык программасы боюнча эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай турганын баса белгилеген.

Министр ошондой эле аскерий жактан Иран учурда 2025-жылдын июнь айында Израил менен болгон кагылышуудан мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшы даярдыкта экенин белгиледи.

Буга чейин The New York Times басылмасы Дональд Трампка Иранга каршы мүмкүн болгон кеңейтилген аскерий чаралардын тизмеси сунушталганын жазган. Анда ирандык объектилерге рейддерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да камтылган. Маалыматка караганда, бул варианттар Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына зыян келтирүүгө, ошондой эле өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменейдин позициясын алсыратууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: