Орусия менен Украинанын делегацияларынын БАЭдеги жолугушуусу жылдырылышы мүмкүн
Орусия менен Украинанын делегацияларынын БАЭде өтүшү күтүлгөн жаңы жолугушуусу башка күнгө жылдырылышы ыктымал. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын сөздөрүн УНИАН агенттиги Telegram каналында таратты.
Киевдин өкүлдөрү белгилегендей, сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде жекшемби күнү, 1-февралга пландалган. Бирок Зеленскийдин айтымында, жолугушуунун өтө турган жери жана датасы өзгөрүшү мүмкүн.
“Биздин оюбузча, азыр АКШ менен Ирандын айланасында кандайдыр бир процесстер жүрүп жатат. Бул жагдайлар сүйлөшүүлөрдүн датасына таасир этиши мүмкүн”, - деп түшүндүрдү Украинанын президенти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















