super.kg logo

Бишкекте хоккей спортунун жетишкендиктери жана келечеги талкууланды

 

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарында Кыргызстандагы хоккей спортунун жетишкендиктери жана өнүгүү келечеги боюнча маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Хоккей федерациясынын жетекчилиги жана U20 дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан улуттук курама команда катышты.

Жыйында хоккейди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, U20 кураманын тарыхый жеңиши, ошондой эле Кыргызстан кабыл ала турган U18 Азия кубогуна даярдык маселелери талкууланды. Мындан тышкары улуттук жана клубдук командалардын эл аралык мелдештерге катышуусу тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулар журналисттердин суроолоруна жооп берип, хоккей инфраструктурасын жакшыртууга жана жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруларын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: