super.kg logo
  Саясат  

Мэр Биринчи Май районунун жаңы аймактарынын тургундары менен жолугушту

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Биринчи Май районуна караштуу, АТР алкагында шаарга кошулган аймактардын тургундары менен ачык жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Маевка, Теңдик, Калыс-Ордо, Степное, Мурас-Ордо, Кут жана башка конуштардын жашоочулары катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мектеп, бала бакча, коомдук транспорт, канализация, газ, көчө жарыгы, коопсуздук жана өрт өчүрүү кызматтарына байланышкан маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле чырпыктарды сатуу фактылары, авариялык абалдагы көпүрө жана айрым аймактардагы нымдуулук көйгөйлөрү айтылды.

Мэр чырпыктарды мыйзамсыз сатуу боюнча текшерүү жүргүзүүнү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга аларды акысыз берүү маселесин кароону тапшырды. Ал мыйзамсыз курулуштар жол курууга тоскоол болсо чара көрүлөрүн, ал эми жол куруу иштери 2026-жылдын мартында башталарын билдирди.

Мындан тышкары жаңы кошулган аймактарда суу жана канализация иштери планга ылайык жүргүзүлөрү, ал эми Кут конушунда 750 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатканы маалымдалды. Көтөрүлгөн маселелер мэрдин жеке көзөмөлүндө болору белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: