Мигранттардын үй-бүлөлөрүнө ММК боюнча ЕАЭБ сотунун чечими күтүлүүдө
Орусия да, Кыргызстан да мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) берүү маселеси боюнча ЕАЭБ сотунун позициясын күтүп жатышат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, ЕАЭБ алкагында медициналык камсыздандыруу темасы көптөн бери талкууланып келет, анткени биримдиктин келишиминдеги жоболору ар башкача чечмеленүүдө. Мисалы, Беларуста ММК системасы таптакыр жок, Арменияда тиешелүү механизмдер эми гана ишке киргизилип жатат, ал эми Кыргызстан менен Казакстанда ММК системасы бар, бирок ал Орусиядагы системадан олуттуу айырмаланат.
Орусия ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эмгек мигранттарынын өздөрүнө гана ММКга уруксат берип, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бул камсыздандыруудан пайдалана алышпай тургундыгын Захарова белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Министрлер кабинетинин тапшырмасынын негизинде ЕАЭБ сотуна кайрылып, биримдиктин келишиминин алкагында Орусиядагы мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү милдеттүү медициналык камсыздандырууну колдонуусуна байланыштуу нормаларын тактоону суранган. Фонд Кыргызстан өз милдеттенмелерин аткарып жатканын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө республика аймагында ММКга жеткиликтүүлүк камсыз кылынарын баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















