БУУнун баш катчысы уюм каржылык кыйроого учурашы мүмкүндүгүн айтты
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш мүчө мамлекеттерге расмий кат жолдоп, БУУ каражаттын кескин жетишсиздигинен жана мүчөлүк төлөмдөр боюнча карыздардын көбөйүшүнөн улам жакын арада каржылык кыйроого учурашы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.
Гутерриштин айтымында, уюмдун ликвиддүүлүк абалы олуттуу начарлап, БУУнун негизги программаларды жана милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч жаратууда.
Ал 2025-жылдын аягында БУУ төлөнбөй калган милдеттүү взностордун рекорддук көлөмүнө туш болгонун белгиледи. Ошондой эле бюджеттик эрежелерге ылайык, пайдаланылбай калган каражаттар мүчө мамлекеттерге кайтарылышы керек болгондуктан, уюм иш жүзүндө ала элек акчаны кайра берүүгө мажбур болууда.
Гутерриш кризис тереңдеп жатканын айтып, эгер мамлекеттер взносторду толук жана өз убагында төлөбөсө же БУУнун каржылык эрежелери кайра каралбаса, уюмда 2026-жылдын июль айына чейин эле накталай каражат түгөнүп калышы мүмкүн экенин эскертти.
Катта ошондой эле эң ири төлөөчү өлкө — Америка Кошмо Штаттары милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү кыскартканын, бул БУУнун каржылык абалынын начарлашына олуттуу таасир тийгизгенин белгиледи. Бирок конкреттүү карызкор өлкөлөр аталган жок.
БУУнун баш катчысы мүчө мамлекеттерди өз каржылык милдеттенмелерин аткарууга же бюджеттик эрежелерди реформалоо боюнча макулдашууга чакырып, болбосо бул тынчтыкты сактоо, гуманитардык жардам жана өнүгүү сыяктуу негизги багыттардын ишине олуттуу зыян алып келерин эскертти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















