super.kg logo

АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишиндеги Трампка байланыштуу маалыматты четке какты

 

АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишинде камтылган америкалык лидер Дональд Трамптын 13 жаштагы кыз менен байланышы тууралуу маалыматты жалган деп атады. Бул тууралуу министрликтин 30-январда расмий сайтында жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Айрым документтерде президент Трампка каршы жалган жана сенсациялуу дооматтар камтылган. Бул материалдар 2020-жылдагы шайлоонун алдында түздөн-түз ФБРге өткөрүлүп берилген. Иш кагаздардагы жалган маалыматтарга ылайык, Трамп болжол менен 10 жыл мурда 13 же 14 жаштагы кыз менен байланышта болгон. Ак үйдүн башчысы өзүнө жаккан кыздарды аукционго койгон. Алардын айрымдары кийин дайынсыз жоголгон. Айрым маалыматтарга ылайык, бул кыздар өлтүрүлүп, гольф-клубдун аймагына көмүлгөн болушу мүмкүн деп айтылган", - деп белгиленген маалыматта.

Ошол эле күнү The Daily Telegraph басылмасы Эпштейндин жаңы материалдарында жыныстык мүнөздөгү кылмыштарга айыпталган финансист Билл Гейтсти сынга алган каттар бар экенин жазды. Анда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жыныстык жол менен жугуучу ооруга кабылганы айтылган. Басылма белгилегендей, Гейтстин Эпштейн менен болгон байланышы — аны ишкер көп жолу четке какканына карабастан — анын жубайы Мелинданы тынчсыздандырып, 2021-жылы болгон ажырашууга себеп болгон факторлордун бири болушу мүмкүн.

Кийинчерээк Билл Гейтстин өкүлү файлдардагы маалыматты жалган деп атады. Анын айтымында, жарыяланган маалымат Эпштейндин Гейтс менен туруктуу мамиле түзө албаганына нааразы болгонун гана көрсөтөт. Финансист бул сыяктуу дооматтар аркылуу ишкердин аброюна шек келтирүүгө аракет кылган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: