Саламаттык сактоо министри “Кыргызфармациянын” дайындалган жетекчиси тууралуу түшүндүрмө берди (видео)
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармациянын” жетекчисинин дайындалышы боюнча айрым жагдайларды түшүндүрүп, медициналык адистиктен тышкары келген башчы тууралуу айтты.
Министр Болот Жунусов кесиби боюнча дипломат жана экономист экенинин билдирип, ал дипломатиялык кызматта жана Улуттук статистика комитетинде иштегенин эске салды. Ошондой эле мекемеде коррупциялык схемалар болгонун билдирип, мурдагы жетекчилер кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын ойлоп, мыйзам бузгандыгын кошумчалады.
"Эмне үчүн фармацевт эмес адам дайындалды, эмне үчүн кайрадан Саламаттык сактоо министрлигине медик эмес адам келди?" деп сурашат. Болот Тологонович мыкты башкаруучу катары белгилүү. Ал көптөгөн тармактарды реформалоого катышкан, узак убакыт өкмөт аппаратына жетекчилик кылган, анын ичинде социалдык сфераны да көзөмөлдөгөн. Бул дайындоонун негизги критерийи — анын фармацевтикалык компаниялар менен байланышы жок жана аларга болгон милдеттенмелери да жок", - деди министр.
Ал жаңы жетекчи фармацевтикалык компаниялар менен ич ара сүйлөшпөстөн, ачык жана таза сатып алуулар системасын түзөт деп үмүттөнөт.
Саламаттык сактоо министри “Кыргызфармациянын” дайындалган жетекчиси тууралуу түшүндүрмө берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















