Бишкекте мечиттерден уурулук кылууга адистешкен шектүүнү кармашты
Бишкек милициясы мечиттерден уурулук кылууга адистешкен шектүүнү кармашты.
Маалым болгондой, 7-январда Свердлов райондук милициясына "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан мечитте намаз окуп жаткан учурда акча салынган капчыгын, iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана жеке буюмдарын уурдаткан жаран кайрылды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш ишин козголгон. Натыйжада 2008-жылы туулган А.С. аттуу жигит кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал мечиттерден уурулук кылууга адистешкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду "Ош базарынын" аймагында 3 миң сомго сатып жибергенин, ал акчаны жеке муктаждыктарына коротконун билдирген. Учурда тергөө иштери улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















