super.kg logo

Бишкектеги азиз жана начар көргөн балдардын мектебинин көчүрүлүшүнө ата-энелер каршы. Себеби

 

Бишкектин борборундагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатты Чоң-Арыкка көчүрүлүшүнө ата-энелер каршы.

Алардын SUPER.KG порталына берген маалыматына караганда, бул мектеп борбордо жалгыз адистештирилген билим берүү мекемеси болуп саналат жана көзү көрбөгөн балдар үчүн жеткиликтүү, коопсуз жана сапаттуу билим берүүнү камсыздайт. Мектептин шаар ичинде жайгашуусу принципиалдуу мааниге ээ, анткени окуучулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жашайт жана медициналык, реабилитациялык жана социалдык кызматтарга туруктуу жетүү муктаждыгында.

Мектепти шаардан тышкары көчүрүү эмнелерге алып келиши мүмкүндүгүн айрым ата-энелер атап өттү.

  • Балдардын күнүмдүк логистикасын жана коопсуздугун олуттуу кыйындатат;
  • Үй-бүлөлөргө кошумча финансылык жана убакытты алган жүктү жаратат;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуу укугун бузууга алып келиши мүмкүн;
  • Окуу жана коррекциондук процесс сапатына терс таасир тийгизет.

"Биз ишенебиз, өзгөчө билим берүүгө муктаждыгы бар балдардын тагдырына байланышкан бардык чечимдер айкын жана ачык, ата-энелердин, мугалимдердин жана тиешелүү адистердин катышуусунда кабыл алынууга тийиш. Ошондой эле балдардын кызыкчылыктары эске алынышы шарт. Кээ бири башка жакта үйүн сатып, мектепке жакын жерге көчүп келген. Тыгын маселеси да бар. Андан көрө ушул мектепти эле жаңыртып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп беришсе. Башка жакта жерлер жатат, өзгөчө балдардын мектебине тийбегиле", - деп билдиришти ата-энелер.

Азырынча бул маселе боюнча Агартуу министрлиги да, тийиштүү мекемелер да маалымат берише элек.

Эскерте кетсек, өткөн жылы сентябрь айында мектепке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган жогорку кызматтын адамадары барды. Эски имаратты текшергенден кийин жаңы мектептин курулушуна даярдык көрүү боюнча буйрук берилди. Көп өтпөй жаңы имарат Чоң-Арыкта жайгашат деген ушактар тарап, ата-энелер тынчсыздануусун билдире баштады.

Кыргызстанда көрүүсү начар балдар үчүн болгону эки мектеп иштейт. Алардын бири дал ушул Бишкектин Кулатов көчөсүндө, ал эми экинчиси Ошто жайгашкан. Бул имараттар 1939-жылдан бери иштеп келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: