Орусиянын ЖОЖдорунан 600дөн ашык тажик студенттери чыгарылгандыгы айтылууда
2025-жылы Орусиянын жогорку окуу жайларынан 600дөн ашык тажик студенттери чыгарылган. Бул тууралуу 30-январда Тажикстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Лутфия Абдулхоликзода маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Азия-Плюс" басылмасынын билдиргендей, министрдин орун басары чыгарылган студенттер билимин улантуу үчүн Тажикстандын жогорку окуу жайларына которулганын тактады.
Ал ошондой эле акыркы эки жылда миграциялык саясаттын катууланышына байланыштуу Орусияга киргизилбей келген студенттер үчүн орусиялык органдар менен биргеликте чечим табылганын кошумчалады. Бул маселе Тажикстан менен Орусиянын ведомстволор аралык комиссиясынын жолугушуусунда бардык тиешелүү органдардын катышуусунда каралган.
"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Орусиянын аэропортторунан депортацияланган жана кийинчерээк окуу жайлардан чыгарылган студенттер тууралуу маалымат берилди. Натыйжада акыркы эки жылда чыгарылган 730 студент Орусиянын окуу жайларында окууну улантуу үчүн чакыруу алган", - деп белгиледи ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















