Тынчтык, кооздук, тарых... Ар бир бурчу мурас болгон Амасия шаары (сүрөттөр)
Эгерде сиз Түркиянын туристтер аз билген, бирок өзгөчө кооз жана руханий терең шаарын издеп жүрсөңүз, Амасия - дал сиз үчүн. Кара деңиз аймагында, Йешилырмак дарыясынын жээгинде жайгашкан бул шаар табият менен тарых айкалышкан сейрек жерлердин бири. Амасияны көп учурда "шаан-шөкөтсүз сулуулук" деп аташат. Анткени ал ашыкча ызы-чуу жок, бирок ар бир бурчу тарыхтын сырынжашырып турат. SUPER.KG порталынын кезектеги рубрикасы дал ушул шаар туурасында болот.

Түркиянын Кара деңиз аймагында жайгашкан Амасия шаары тарыхы терең, жаратылышы кооз жана руханий мааниси чоң аймактардын бири. Бул шаарды жөн гана туристтик жер деп айтууга болбойт. Амасия Осмон империясынын келечектеги султандарын тарбиялап, мамлекет башкаруунун сырларын үйрөнгөн ханзаадалар шаары, ошондой эле дүйнөгө белгилүү Амасия алмасынын мекени.
Амасия сүйүү уламыштары менен да белгилүү. Ферхат менен Ширин каналы сүйүүсү үчүн тоону тешкен Ферхат тууралуу легендага байланыштуу. Бул жерге келгендер сүйүүнүн күчүн символдоштурган бул уламышка суктанышат. Амасия шаарына кире бергенде эле бул сүйүшкөндөрдүн музейи сизди күтүп алат. Музейден шаар тууралуу толук маалымат алууга болот.
Амасиянын жүрөгү Йешилырмак дарыясы. Дарыянын эки жээгинде жайгашкан ак түстөгү, осмон стилиндеги жыгач үйлөр шаарга өзгөчө романтикалык көрк берет. Кечкисин жарыктар күйгөндө бул жер жомоктогудай көрүнөт. Туристтер көбүнчө дарыя жээгинде сейилдеп, кофе ичип, сүрөткө түшүшөт. Анткени дал ошол суу жээгиндеги үйлөрдө түрк шириндиктери, улуттук тамак-аштары сатылат. Тамактанганча тарыхка сүңгүп кирүү мүмкүнчүлүгү кенен.
Шаардын үстүнөн бийик тик аскада жайгашкан Амасия чеби шаардын эң маанилүү символдорунун бири. Бул чеп байыркы доорлордон бери коргонуу максатында колдонулган. Чепке чыккан адам бүт Амасияны алакандагыдай көрө алат. Айрыкча күн баткан учурдагы көрүнүш туристтерди суктандырат. Амасия дүйнөгө Понтий падышаларынын аскадан оюлган мүрзөлөрү менен таанымал. Бул мүрзөлөр миңдеген жылдар мурун тик аскаларга чегилип жасалган. Алар түнкүсүн жарыктандырылып, шаардын асман сызыгына өзгөчө сырдуу көрүнүш берет. Бул жай Амасиянын тарыхый маанисин даңазалаган эң белгилүү жерлердин бири.

1486-жылы курулган Султан Баязид II мечити Осмон архитектурасынын кооз үлгүсү. Комплекстин ичинде медресе, ашкана жана китепкана болгон. Бул жай Амасиянын Осмон доорунда илим-билимдин борбору болгонун далилдейт.

Шаарды тереңирээк таанып-билүүнү каалагандар үчүн Амасия музейи сөзсүз барууга тийиш. Бул жерден хетт, рим, византия жана осмон дооруна таандык экспонаттарды көрүүгө болот. Мумиялар залы туристтердин өзгөчө кызыгуусун жаратат. Ага улай ачык асмандагы музейи да жайгашкан.
Амасия табият менен тарых бир бүтүн болуп жашаган, жүрөккө жылуулук тартуулаган керемет шаар. Анын асман тиреген тоолору, дарыя жээгинде тизилген эски үйлөрү жана жымжырт көчөлөрү адамдын жан дүйнөсүнө терең тынчтык тартуулайт. Амасия адамды шашылуудан алыстатып, жашоонун сулуулугун жай сезүүгө үйрөтөт. Ал өзүнө чакырып, бир көргөн адамдын жүрөгүндө узакка сакталчу өзгөчө эргүү калтырат.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео














































