super.kg logo

Түркиянын айрым жерлеринде нөшөрлөгөн жамгырдан улам катуу суу ташкыны болду (видео)

 

Түркиянын Мерсин шаарында катуу нөшөрлөгөн жамгыр жаап, анын кесепетинен шаарда суу ташкыны катталды. Кыска убакыт ичинде көп көлөмдө жааган жаан-чачын көчөлөрдү жана жолдорду каптап, транспорт кыймылына олуттуу тоскоолдук жаратканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Жамгырдын айынан Мерсин шаарындагы бир катар дарыялар жана суулар жээктен ашты. Анын ичинде Мезитли жана Теже суулары өз нугунан чыгып, айрыкча шаардын төмөн жайгашкан райондорунда көчөлөр толугу менен суу астында калды.

Шаардын негизги жолдорунун бири — Гази Мустафа Кемал бульварын суу каптап, коопсуздук максатында айрым тилкелери убактылуу жабылды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарды сак болууга, зарылчылык болбосо жолго чыкпоого жана расмий эскертүүлөрдү кылдаттык менен көзөмөлдөөгө чакырууда.






Түркиянын айрым жерлеринде нөшөрлөгөн жамгырдан улам катуу суу ташкыны болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: