super.kg logo

Бишкекте "Евразия" кыймылынын ыктыярчылары жана активисттери сыйланды (видео)

 

Кечээ, 30-январда Бишкек мамлекеттик университетинде "Евразиянын ыктыярчылары" кыймылынын активдүү мүчөлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чара 2025-жылы Кыргызстанда "Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму ишке ашырган социалдык, билим берүү, патриоттук жана жаштар долбоорлоруна салым кошкон ыктыярчыларга арналды.

Салтанатка "Евразия Кыргызстан" регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова жана БМУнун жетекчилиги катышты. Кымбат Урумкулова ыктыярчыларды сыйлоо иш-чарасы мындан ары жыл сайын өткөрүлөрүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Евразиянын ыктыярчылары" кыймылында өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайларынан, мектептеринен жана колледждеринен 1000ден ашуун ыктыярчылар бар. Алар 2025-жылы 9-Май – Жеңиш күнү, "Георгий лентасы" акциясы, "Евразия" паркынын ачылышы, Ысык-Көлдөгү экологиялык иш-чаралар сыяктуу ири демилгелерге активдүү катышкан.

"Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, маданий диалогду бекемдөөгө жана жаштардын жарандык активдүүлүгүн колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырат.






Бишкекте "Евразия" кыймылынын ыктыярчылары жана активисттери сыйланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: