super.kg logo

Өлкө боюнча февралда эркектердин ден соолугун чыңдоого багытталган акция башталат

 

Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун аныктоого багытталган "Жооптуу бол!" аталышындагы республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, акциянын алкагында эркектерге жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы дарыгерлик практика борборлору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттарна кайрылып, алдын алуучу медициналык консультациялардан өтүү сунушталат.

Өткөн жылдагы кампания жогорку жыйынтыктарды көрсөттү. Анда өлкө боюнча 973 000ден ашык эркек жугуштуу эмес ооруларга профилактикалык скринингден өттү. Алардын ичинен 119 600дөн ашык эркекте артериялык кан басымдын жогорулашы аныкталган. Мындан тышкары, 49 600 эркек жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде, ал эми болжол менен 60 800 эркек кант диабетинин жогорку тобокелдигинде болгон.

2025-жылы 15 388 адам биринчи жолу аныкталган артериялык гипертензия менен жана 7364 – кант диабети диагнозу менен каттоого алынган. Ошондой эле 2025-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстандын калкынын арасында 16 644 өлүмдүн себеби болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: