super.kg logo

Бишкекте "Кышкы майрам – 2026" аттуу спорттук-массалык иш-чара өттү

 

Бүгүн, 31-январда Чоң-Таш тоосунда балдар үчүн кышкы эс алууну активдүү жана пайдалуу өткөрүүгө багытталган "Кышкы майрам – 2026" аттуу спорттук-массалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышып, катышуучуларды кышкы майрам менен куттуктап, аларга чың ден соолук, жакшы маанай жана сергек жашоо образын каалашты.

Спорттук майрамга борбордун төрт районунан 13 жаштан 15 жашка чейинки 400дөн ашуун бала катышты. Алардын арасында реабилитациялык борборлордун жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар болду.

Иш-чаранын алкагында дене тарбияны жайылтууга, саламаттыкты чыңдоого жана балдардын социалдашуусуна багытталган кыймылдуу спорттук оюндар жана эстафеталар уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: