Төрөт үйүндө коридордо жаткан энелер боюнча Саламаттык сактоо министрлиги үн катты
Социалдык тармактарда Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунда төрөгөн аялдар коридорлорго жайгаштырылып жатат деген сүрөттөр 2025-жылдын жай мезгилинде, Шаардык перинаталдык борбор ремонтко жабылган учурда тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Репродукция борборунда төрөттөн кийинки бөлүм кеңейтилди, кошумча керебеттер орнотулду жана бейтаптарды жайгаштыруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.
"80 керебетке эсептелген Борбор азыркы тапта 106 бейтапты кабыл алууда. Бул мекеме үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген уюм болуп саналат жана өлкөнүн бардык региондорунан татаал кош бойлуулук жана оор абалдагы аялдар ушул жерге жөнөтүлөт. Медициналык жардам көрсөтмөлөрдүн негизинде бардык аялдарга, анын ичинде аймактык каттоосу боюнча да көрсөтүлүүдө. Ооруканага жаткыруудан баш тартуу учурлары жок. Бар болгон кыйынчылыктарга карабастан, борбордун жамааты сутка бою иш алып барып, медициналык жардамдын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө", - деп белгиленген маалыматта.
Борбордун директору Нургүл Шоонаева 2025-жылы кабыл алынган төрөттөрдүн саны 2024-жылга салыштырмалуу 1000ге көбөйгөнүн белгилеп, бул төрөт кызматтарына болгон жүктөмдүн өсүп жатканын айгинелей тургандыгын кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















