super.kg logo

"Бейиш-2: Апама кат" тасмасын мыйзамсыз тараткан жарандар айыпка жыгылды (видео)

 

Бишкектеги кинотеатрда көрсөтүлө баштаган "Бейиш-2: Апама кат" тасмасын мыйзамсыз уюлдук телефонуна тартып алып, интернет желесине тараткан эки жаран аныкталды. Алар тергөө кызматына жеткирилип, автордук укукту бузгандыгы үчүн айып пул салынды.

- Алардын бири Даниел Жандосов тасманы толук тартып, өзүнүн социалдык баракчасынан жарыялаган. Ал дароо аныкталып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

- Ал эми экинчиси Аида Мирбек кызы дагы кинотетарга көргөнү барып, бөлүктөрдү тартып киргизген.

Кармалгандар тасманы тарткан чыгармачылык топтон жана кыргызстандыктардан кечирим сурап, мындай жолго барбоого чакырды.

Ал эми тасмада башкы ролду жараткан тамашоучу, актёр Эмил Эсеналиев аны тарыхчалардан белгилеп жаткандарга ыраазычылыгын айтып, бирок көрүүчүлөрдү тасманын кызыктуу жерлерин тартып киргизбөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, 29-январдан баштап кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун “Бейиш-2: Апама кат” тасмасы өлкө аймагында көрсөтүлө баштады. Бул тасманын биринчи бөлүгү көптөгөн көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алып, Кыргызстандагы эң мыкты тасмалардын бири болгон. Ошондой эле чет өлкөлөрдө дагы көрсөтүлгөн. Экинчи бөлүктө окуянын уландысы жана башка көйгөйлөр камтылган. Тасма 4 өлкөдө жүздөгөн адамдардын чыгармачылыгы менен тартылды.






"Бейиш 2: Апама кат" тасмасын мыйзамсыз тараткан жарандар айыпка жыгылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: