Парижде Кытайдын жогорку даражалуу чиновнигин тоноп кетишти
Кытайдан барган жогорку даражалуу чиновник Париждин абройлуу райондорунун биринде карактоого кабылды. Белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, бир нече миллион еврого бааланган баалуу зер буюмдарды уурдап кетишкенин чет элдик басылмалар жазышууда.
TF1 телеканалынын маалыматына ылайык, окуя 30-январда Франциянын борбор шаарынын 16-округунда болгон. Эки каракчы таңга жуук чиновниктин үйүнө кирип, уктап жаткан эркекке кол салып, башына жаракат келтиришкен. Андан соң үйдү тинтип, кымбат сааттарды, зер буюмдарды алып кетишкен.
Кылмышкерлер кеткенден кийин жабырлануучу полицияга кайрылган. Ал ооруканага жеткирилип, учурда өмүрүнө коркунуч жок экени айтылды. Материалдык чыгым 6–7 миллион еврого бааланууда. Каракчылык учурунда купуя маалыматтар уурдалган эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















