super.kg logo

Трамп Гренландия боюнча европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөр башталганын билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Гренландия маселеси боюнча европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөр башталганын маалымдады. Анын айтымында, тараптар көптөгөн маселелер боюнча бир пикирге келип жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биз сүйлөшүүлөрдү баштадык. Бул бардык тараптар үчүн жакшы келишим болот деп үмүттөнөм. Улуттук коопсуздук жагынан алганда бул абдан маанилүү келишим. Менимче, биз макулдашууга жетебиз", - деген Трамп журналисттерге.

Буга чейин Дональд Трамп АКШ улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Гренландияга көзөмөл орнотуусу керектигин бир нече жолу айткан. 22-январда ал НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Axios басылмасынын маалыматына караганда, тараптар АКШнын аралдагы аскерий катышуусун күчөтүүгө жана пайдалуу кендерди казып алууда артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүндүк бере турган келишимди талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: