Украинада электр энергиясы өчүрүлүп, Киевде суу берүү толук токтоду
Украинада аварияга байланыштуу электр энергиясы өчүрүлдү. Анын кесепетинен Киев шаарында суу берүү толук токтогонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Энергетика министри Денис Шмыгальдын айтымында, эртең менен технологиялык бузулуу катталган. Анда Румыния менен Молдованын энергосистемаларын байланыштырган 400 киловатт линиясы жана Украинанын батышы менен борбордук бөлүгүн туташтырган 750 киловатт линиясы бир убакта өчүп калган.
Бул кырдаал электр тармагында каскаддуу өчүүлөргө жана станцияларда автоматтык коргонуу системаларына алып келген. Ошондой эле атомдук электр станцияларындагы айрым блоктордун жүгү азайтылган.
Суу башкармалыгы энергосистемадагы аварияга байланыштуу учурда борбор калаанын бардык райондорунда суу берүү жок экенин маалымдады.
Мындан тышкары электр энергиясы жок болгондуктан Киев метросунун кыймылы токтотулганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















