super.kg logo

Аксыда мас айдоочу 55 жаштагы жарандын өлүмүнө себепчи болду (видео)

 

Жалал-Абал облусунун Аксы районунда мас абалындагы айдоочу 55 жаштагы жаранды сүзүп, ал жеринде каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя 30-январда саат 22:40 чамасында болгон. Милицияга аталган райондун аймагында 55 жаштагы эркек кишинин денеси жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул окуя милициянын каттоосуна алынып, Аксы районунун аймагына "Тосмо" иш-мерчеми киргизилген.

Натыйжада окуяга шектүү катары Аксы районунун 1967-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну кармалып, ал айдап жүргөн Ниссан Примера үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого токтотулду. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө айдоочу окуя болгон учурда мас абалда болгондугу аныкталган.

Шектүү каза болгон жаранды көрбөй калгандыгын айтып, ал жолдо жатып калган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Милиция жарандарды спирт ичимдигин ичкен абалда автоунаа башкарбоого чакырат.






Аксыда мас айдоочу 55 жаштагы жарандын өлүмүнө себепчи болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: