super.kg logo

Автобуста өспүрүмгө зомбулук көрсөткөн жаран кармалды (видео)

 

Социалдык баракчаларда автобуста жаш балага кол көтөрүп, түшкөндөн кийин аны коркутуп жаткан белгисиз жаран жөнүндө видео тарады. Бишкектин Ленин райондук милициясы аны аныктап кармаганын бүгүн, 1-февралда билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 31-январда болжол менен саат 16:00 чамасында 102 кызматына 2008-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран денесинен жаракат алып, медициналык мекемеге кайрылганы маалымдалды. Ошондой эле коомдук жайда аны оозго алгыс сөздөр менен урушкандыгы кабарланды.

Бул факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, милиция бөлүмүнө 1998-жылы туулган К.Е. аттуу жаран жеткирилди. Ага карата протокол түзүлдү.






Автобуста өспүрүмгө зомбулук көрсөткөн жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: